Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына ылайык келтирүү алкагында «Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору коомдук талкууга сунушталууда. 

Долбоор «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Долбоор боюнча сунуш-пикирлерди 2021-жылдын 26-ноябрынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, ошондой эле ntaalaibekov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүнү өтүнөбүз.