Коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу кризистин банк системасына тийгизген таасирин жөнгө салуу жана активдерди төртүнчү жолу реструктуризациялоого талаптарды белгилөө, ошондой эле Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелерден COVID-19 пандемиясына чейин колдонулуп келген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» туруктуу жобонун талаптарына акырындык менен өткөрүүгө шарт түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2021-жылдын 27-октябрында № 2021-П-12/59-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12/25-7-(НПА) «Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомун кабыл алды.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылган.