Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Улуттук банк Башкармасынын «Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибин бекитүү тууралуу» жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорлорун (мындан ары токтом долбоорлору) коомдук талкууга сунуштайт.  

Токтом долбоорлору мурабаха бүтүмдөрү жөнүндө маалыматты баалоо, таануу жана ачык көрсөтүү үчүн эсепке алуу эрежелерин аныктоо максатында иштелип чыкты. 

Токтом долбоорлору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар токтом долбоорлору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2021-жылдын 13-декабрынан кечиктирбестен smaitashova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.