Улуттук банк Базель III стандарттарын колдонууга киргизүүнүн алкагында мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун формаларын «Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобого ылайык келтирүү жана реструктуризацияланган кредиттер боюнча маалымат алуу максатында, Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоорунда Улуттук банктын талаптарына ылайык банктардын финансылык отчетунда потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү өлчөмүн ачык көрсөтүү боюнча тактоолор каралган. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/ «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2021-жылдын 16-декабрынан кечиктирбестен nipasova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.