«Жаш кесипкөйлөр» программасы 

 

2021-жылдын 17-ноябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында өтүп жаткан жыл ичинде экинчи жолу 2016-жылдан бери стажерлор үчүн ишке ашырылып келген «Жаш кесипкөйлөр» программасы кайрадан өз ишин баштады. 

Программа ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнө жана жаш адистерге өлкөнүн борбордук банкынын ишине катышуу аркылуу банктык кесип көндүмдөрүнө ээ болуу мүмкүнчүлүгүн түзүү максатын көздөйт. Ошондой эле «Жаш кесипкөйлөр» программасы Улуттук банктын биринчи деңгээлдеги адистеринин кадрлар резервин түзүүгө мүмкүндүк берет. 

Улуттук банкта стажировкадан өтүүчү талапкерлер сынактын негизинде тандалып алынган. Сынактын жыйынтыгы боюнча стажировкадан өтүүгө киришкен жаш адистер Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүндө 6 ай бою окутуудан жана тажрыйбалык такшалуудан өтүшөт.  

Стажировканын жыйынтыгы боюнча алар кесиптик тестирлөөдөн өтүшөт жана тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү балл алган стажерлор Улуттук банктын кадрлар резервине киргизилип, Улуттук банкка жумушка кабыл алынышы мүмкүн.