Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүүнүн алкагында, Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамынын жана Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын талаптарын сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2021-жылдын 1-декабрында төмөнкү токтомдорду кабыл алды: 

- «Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын бухгалтердик эсепке алуу эсеп планына карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» № 2021-П-14/66-1-(ПС); 

- «Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын бухгалтердик эсепке алуу эсептер планын бекитүү тууралуу» № 2021-П-14/66-2-(ПС).  

Токтомдор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.   

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Төлөм системасы бөлүгүндө жайгаштырылган.