2021-жылдын 7-декабрында Бишкек шаарында «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси тарабынан уюштурулган кезектеги микрофинансылык тегерек стол маеги болуп өттү.  

Микрофинансылык тегерек стол маегинин отурумунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин, ошондой эле микрофинансы секторунун өкүлдөрү катышты.  

Иш-чаранын катышуучулары микрофинансы рыногун андан ары өнүктүрүүгө, микрокаржылоо системасында туруктуулукту сактоого жана коронавирус инфекциясына байланыштуу кризистин кесепеттерин жеңилдетүүгө, микрофинансылык кызматтарды санариптештирүүнү өнүктүрүүгө, ошондой эле микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салууну өркүндөтүүгө багытталган микрофинансы секторуна тиешелүү кыйла маанилүү маселелерди талкуулашты.  

Микрофинансылык тегерек стол маеги микрофинансы секторуна тиешелүү маселелер талкууланган салттуу иш-чара болуп саналат.