2021-жылдын 8-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К.К. Бөкөнтаев Борбордук Азия, Кара деңиз жана Балкан региондорундагы өлкөлөрдүн Борбордук банктарынын башкаруучулар клубунун 45-отурумуна катышты, отурум видеоконференция форматында өттү

Иш-чаранын жүрүшүндө CОVID-19 пандемиясы шартында экономикалык жана финансылык туруктуулук маселелери, ошондой эле жашыл экономика боюнча маселелер талкууланды.