2021-жылдын 10-декабрында «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2021» ири масштабдуу иш-чаранын жыйынтыгын чыгарууга арналган жолугушуу болуп өттү. Аталган иш-чарага 23 өнөктөш уюмдары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги, эл аралык уюмдар жана өлкөнүн финансы-кредит уюмдары катышты. 

Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2021 кампаниясынын алкагында 200гө жакын иш-чара өткөрүлдү, ага түздөн-түз 4 миңден ашык адам, ал эми кыйыр түрдө калктын 2 млн ашык саны катышты. 

 

Маалымат катары

Дүйнөлүк каражат топтоо күнү Кыргызстанда 2015-жылдан тартып өткөрүлүп келет. Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн майрамдоо тарыхы 90 жылдан ашык убакытты камтыйт. Адамдар арасында каражатты топтоо маданиятын калыптандыруу жана жайылтуу аталган иш-чаранын максаты болуп саналат.