Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кепилдик фонддорундагы активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» долбоордун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле кызыкдар болгон тараптардын сунуштарын топтоо тууралуу билдирет.  

Долбоор Кыргыз Республикасынын кепилдик фонддорундагы активдерди классификациялоого жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөргө тиешелүү маселелер боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын өркүндөтүүгө багытталган. 

 

1. Проблемалар жана негиздер  

Сунушталып жаткан жөнгө салуу кепилдик фонддорунун тобокелдиктерин контролдоо системасын өркүндөтүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө жана алардын ишмердүүлүгүнө карата талаптарды төмөндөгүлөр аркылуу өркүндөтүүгө багытталган: 

активдерди классификациялоо боюнча талаптарды жана кепилдик фонддордогу потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөрдү алардын ишине мүнөздүү болгон тобокелдиктерди эске алуу менен өзүнчө ченемдик укуктук актыда бөлүштүрүү

кепилдик фонддордун активдеринин классификациясынын категорияларын жана активдер боюнча түзүлүүчү резервдердин көлөмүн кайрадан карап чыгуу; 

кепилдик фонддордун Улуттук банкка мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчетторду берип туруу зарылдыгын кошпогондо, кепилдик фонддор үчүн отчеттуулуктун жаңы формасын түзүү

 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты кепилдик фонддордогу активдерди классификациялоо жана тиешелүү резервдерди түзүү маселелерин жөнгө салуу жагында Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын өркүндөтүү, ошондой эле алардын ишмердүүлүгү боюнча отчеттуулук талаптарын өзүнчө ченемдик укуктук актыга бөлүштүрүү

 

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү

кепилдик фонддор тарабынан тобокелдиктерди тескөөнүн сапатын жогорулатуу; 

кепилдик фонддордун отчеттуулук системасын жөнөкөйлөтүү

кепилдик фонддордун ишинде тобокелдиктерди азайтуу. 

 

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү 

Бул ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы терс кесепеттерге алып келбейт, анткени ал көзөмөлгө алынган субъектилердин ишин чектебейт. 

  

5. Жөнгө салуу сунушталып жаткан ишкер субъектилерадресаттар боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү 

Сунушталып жаткан жөнгө салуу кепилдик фонддорунун ишине тиешелүү.  

 

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо 

Сунушталып жаткан жөнгө салуу субъектилери сарптоолорго дуушар болбойт.  

 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинен чыгашаларды жана пайданы болжолдуу баалоо 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт.  

 

Ачык консультация берүүлөрдүн катышуучулары үчүн суроолор тизмеги: 

- көрсөтүлгөн проблемалар жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылабы; 

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал; 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.  

  

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр: 

1. Сунуштарды кабыл алуу:  

   

- электрондук почта аркылуу  

amuratov@nbkr.kg 

  

- почта дареги аркылуу  

720001,  

Кыргыз Республикасы, 

Бишкек ш., Чүй пр., 168  

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү  

2021-жылдын  

29-декабрынан кечиктирбестен  

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү

2022-жылдын 10-январынан кечиктирбестен