Улуттук банк Төлөм системасы боюнча банктар аралык кеңештин кезектеги отурумун өткөрдү 

2021-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары З.Л. Чокоевдин төрагалыгы алдында Төлөм системасы боюнча бактар аралык кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү.  

Жолугушуунун жүрүшүндө төлөм системасын өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү, анын ичинде өлкөнүн аймактарын банк жабдуулары менен камсыздоо жана ар кандай төлөм инструменттери ортосундагы интеграция маселелери талкууланды. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамынын мамлекет ичиндеги төлөмдөр боюнча талаптарын коммерциялык банктар жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК тарабынан аткаруу жагында зарыл болгон чараларга да өзгөчө көңүл бурулду.