1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «ЭкоИсламикБанк» ЖАК тарабынан «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү/ тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Кошелев Сергей Ивановичтин талапкерлигине 2021-жылдын 16-декабрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Керемет Банк» ААК тарабынан «Керемет Банк» ААКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Абдыкадыров Калыбек Джусукеевичтин талапкерлигине 2021-жылдын 16-декабрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Керемет Банк» ААК тарабынан «Керемет Банк» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Сейткасымова Раушан Рыскулбековнанын талапкерлигине 2021-жылдын 16-декабрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.