Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Улуттук банк Башкармасынын «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө» жана «Ислам банк ишинин жана каржылоонун принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» токтом долбоорлорун (мындан ары токтом долбоорлору) коомдук талкууга сунуштайт.  

Токтом долбоорлору иджара мунтахийя биттамлик операциясы боюнча ижарага берүүчү менен ижарачынын ортосунда түзүлүүчү типтүү келишимдерди стандартташтыруу жана иджара сервис продуктун стандартташтыруу максатында иштелип чыкты. 

Токтом долбоорлору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар токтом долбоорлору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылдын 17-январынан кечиктирбестен mzholdoshov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.