Улуттук банк регулятивдик банктык отчетторду жакшыртуу жана коммерциялык банктардан толук жана кеңири маалыматтарды алуу үчүн ыкчам портал түзүү максатында, Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын регулятивдик банктык отчету жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/ «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылдын 1-февралынан кечиктирбестен nipasova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.