Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2021-жылдын 21-декабрынан тартып 24-декабрына чейин Ош шаарынын жана Ош областынын шариат окумуштуулары жана Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин студенттеринин катышуусунда «Жеке финансыны башкаруу» темасында семинар өткөрөт.
Семинардын максаты – финансылык кызмат көрсөтүүлөр менен өлкөнүн финансылык системасы жөнүндө калктын маалымдар болуусун жогорулатуу. Семинардын алкагында: финансылык институттардын негизги түрлөрү; жеке финансыны башкаруу; тобокелдиктер жана финансылык коопсуздук; ислам банк иши: ислам банк операцияларынын салттуу банктардын операцияларынан айырмачылыктары сыяктуу темалар, ошондой эле жана башка темалар каралат