Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2021-жылдын 15-декабрында № 2021-П-12/70-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды, мында өзгөртүүлөр электрондук кол тамга коюлган, документтерди электрондук форматта сунуштаган коммерциялык банктардын отчетторун кагаз жүзүндө жеткирүү талаптарын алып салуу бөлүгүнө киргизилген. 

Токтомдун электрондук версиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук акты Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылган.