Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө 

БИЛДИРҮҮ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобоcун Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык келтирүү, ошондой эле шариат кеңешинин мүчөлөрү тарабынан сунуштама каттарын берүү боюнча талаптарды жана шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн эмгек стажына (тажрыйбасына) карата талаптарды белгилөө максатында «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү, ошондой эле бул маселеге кызыкдар тараптардын сунуштарын топтоо тууралуу билдирет. 

Долбоор коммерциялык банктардын банк ишин лицензиялоо маселелери боюнча ишин жөнгө салууга багытталган.  

 

1. Проблемалар жана негиздер  

Сунушталган жөнгө салуу төмөнкүлөргө багытталган: 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүүгө

- Кыргыз Республикасынын Укук бузуулары жөнүндө кодексине ылайык келтирүү

- шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн сунуштама каттарын берүүгө талаптарды белгилөө

- шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн иш стажына (тажрыйбасына) белгиленген талаптарды кайра карап чыгуу. 

  

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты банк тутумунун туруктуулугун жогорулатуу, аны мыйзамдардын талаптарына ылайык келтирүү, каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүк жагынан кызмат адамдарынын квалификациялуу кадрларын камсыз кылуу. 

  

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү

- шариат кеңешинин ишиндеги иш аброю тобокелдиктеринин деңгээлин төмөндөтүү

 

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү:  

шариат кеңешине кирген кызмат адамдарынын ишин чектөө, административдик жол-жоболорду жүргүзүүдө документтердин санын көбөйтүү

 

5. Сунушталган жөнгө салуунун ишкердик субъектилеринин адресаттардын мүнөздөмөсү жана алардын санына баа берүү - сунушталган жөнгө салуу коммерциялык банктардын ишине тийиштүү

 

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо 

Коммерциялык банктар үчүн кошумча чыгымдар күтүлбөйт.  

 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт.   

 

Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолор тизмеги:  

- жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура болуп саналабы; 

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал; 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.  

  

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр  

1.  Сунуштарды кабыл алуу:   

   

- электрондук почта аркылуу  

eusuvalieva@nbkr.kg  

emukenov@nbkr.kg    

- почта дареги  

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168   

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү  

2022-жылдын 7-январынан кечиктирбестен  

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий сайтына жайгаштыруу мөөнөтү   

2022-жылдын  

17-январынан кечиктирбестен