Улуттук банк финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, экономиканын мындан ары туруктуу өсүшүнө көмөк көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында банк секторун өнүктүрүү, кредиттөө системасын өркүндөтүү жана оптималдаштыруу максатында, Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасында синдикатталган кредиттөөнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/ «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылдын 28-январынан кечиктирбестен aiymanalieva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.