Улуттук банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (мындан ары – ФОЭС), атап айтканда ФОЭСтин «Финансылык инструменттер» 9-стандартына, ошондой эле бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында, Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына бухгалтердик эсеп чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/ «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Коммерциялык банктар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылдын 28-январынан кечиктирбестен nipasova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.