Эл аралык электрондук акча системаларынын операторунун келип чыккан өлкөдө (Грузия) каттоосу жокко чыгарылгандыгына байланыштуу эл аралык электрондук акча системасынын оператору катары «FINTENO (ФИНТЕНО)» жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы каттоосу жокко чыгарылды. 

Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган эл аралык электрондук акча системаларынын операторлорунун/ эл аралык электрондук акча эмитенттеринин реестри менен Улуттук банктын расмий сайтынан «Банктын милдеттери»/«Төлөм системасы»/«Эл аралык электрондук акча системалары» бөлүгүнөн таанышып чыгууга болот https://www.nbkr.kg/index1.jsp?item=3487&lang=KGZ