Кыргыз Республикасынын банк тутумунун маалыматтык коопсуздугунун деңгээлин жогорулатууга багытталган колдонуудагы талаптарды актуалдаштыруу максатында, Улуттук банк Башкармасы 2021-жылдын 22-декабрында № 2021-П-20/72-8-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомун кабыл алды. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылган.