Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө  

БИЛДИРҮҮ  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жана анын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атайын жөнгө салуу режимдерин түзүүгө карата талаптарды толуктоо маселеси боюнча кызыкдар болгон тараптардын сунуштарын топтоо тууралуу билдирет.  

Операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн шайкештигин аныктоонун критерийлерин тактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актысына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат, ошондой эле атайын жөнгө салуу режимине катышуу үчүн документтердин формаларын жана тизмесин тактоо пландаштырылууда. 

  

1. Проблемалар жана негиздер.   

- инновациялык кызматтардын жана технологиялардын тобокелдигин баалоонун татаалдыгы; 

- рыноктун катышуучулары менен өз ара иш алып баруу процесстерин сыпаттоонун жоктугу; 

- инновациялык кызматтардын жана технологиялардын критерийлери боюнча ченемдик укуктук базанын жетишсиздиги. 

Бүгүнкү күндө атайын жөнгө салуу режимдерин түзүү үчүн документтерди берүү талаптары билдирмелерди кабыл алуунун жана иштеп чыгуунун жалпы сыпаттамасын камтыйт. Операциялык тобокелдиктерди азайтуу жана инновациялык кызматтар менен технологияларды жайылтууга стимул берүү боюнча чараларды киргизүү зарыл. Учурдагы шарттардагы жөнгө салуу кызмат көрсөтүүнүн санариптик формаларын өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциалга ээ инновациялык чечимдерди өнүктүрүү максаттарын толук камтыбайт. 

 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тестирлөөнүн инновациялык критерийлерин киргизүү, ошондой эле технологиялык кызматтарды жана чечимдерди ишке ашырууда тоскоолдуктарды ырааттуу кыскартуу. 

 

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү:  

- кардарлар менен өз ара аралыктан иш алып баруу каналдарын өнүктүрүүгө дем берүү

- банктык технологияларды өнүктүрүүнүн интенсивдүү моделдерине өтүү

 

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү  

- жетиштүү экспертизанын жоктугунан банктардын ишин уюштуруунун жетиштүү эмес корголгон механизмдерин жана технологияларын колдонуу. 

  

5. Ишкер субъектилери жөнгө салуу сунушталган адресат боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү  

Жөнгө салуу механизми Кыргыз Республикасынын банк рыногунун бардык катышуучуларына сунушталат. 

 

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Ишкерлердин чыгымдары минималдуу болот, анткени сунушталган чечим атайын жөнгө салуу режимдерин уюштуруу процесстерин оптималдаштырууга багытталган. 

Ишкерлер үчүн артыкчылыктар: 

- кызмат көрсөтүүнүн жана операциялардын технологиялык деңгээлин жогорулатуу; 

- инновациялык банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жана операцияларды тестирлөөнү баштоо критерийлерин тактоо.  

 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт.  

 

Коомдук консультациянын катышуучулары үчүн суроолор тизмеги:  

- жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура болуп саналабы; 

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал; 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.   

 

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр:  

1. Сунуштарды кабыл алуу:  

   

- электрондук почта аркылуу 

ukulmanbetov@nbkr.kg 

- почта дареги аркылуу 

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168 

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү 

2022-жылдын 24-январынан кечиктирбестен 

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү  

2022-жылдын 31-январынан кечиктирбестен