1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргызкоммерцбанк» ААК тарабынан «Кыргызкоммерцбанк» ААКтын башкармасынын төрагасы кызмат ордуна сунушталган Воинце Мирвета Ильясовнанын талапкерлигине 2022-жылдын 20-январында макулдук берүү чечимин кабыл алды; 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Керемет Банк» ААК тарабынан «Керемет Банк» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы/ көз карандысыз мүчөсү жана аудит боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Давлесов Айбек Насыровичтин талапкерлигине 2022-жылдын 20-январында макулдук берүү чечимин кабыл алды; 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Керемет Банк» ААК тарабынан «Керемет Банк» ААКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү жана тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Карпович Станислав Евгеньевичтин талапкерлигине 2022-жылдын 20-январында макулдук берүү чечимин кабыл алды; 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Керемет Банк» ААК тарабынан «Керемет Банк» ААКтын башкармасынын төрагасы кызмат ордуна Мамытова Кастору Касымбековнанын талапкерлигине 2022-жылдын 20-январында макулдук берүү чечимин кабыл алды.