Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө  

БИЛДИРҮҮ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жана анын жөнгө салуу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүп жаткандыгын, маркетплейс финансылык платформаларды жөнгө салуу жана ачык программалык интерфейстерди (API) колдонуу маселелери боюнча кызыкдар тараптардан сунуштар кабыл алына тургандыгын билдирет.   

Маркетплейс финансылык платформаларына жана API пайдаланууга, Улуттук банкта каттоодон өтүү жана финансылык кызматтарды сунуштоочулар жана андан пайдалануучулар менен өз ара иш алып баруу аркылуу маркетплейс финансылык платформасынын операторуна карата талаптарды белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өзүнчө ченемдик укуктук актысын иштеп чыгуу сунушталууда. 

 

1. Проблемалар жана негиздер 

- маркетплейс финансылык платформаларын жөнгө салуу, API колдонуу боюнча талаптардын жоктугу; 

- маркетплейс финансылык платформа операторунун финансылык кызматтарды сунуштоочулар жана андан пайдалануучулар ортосунда өз ара иш алып баруу процессинин так чагылдырылбашы. 

Учурда санариптик финансылык платформалар, ошондой эле алардан улам түзүлгөн платформа экосистемалары бардык финансылык уюмдарды (банктык, төлөм, кредиттик, камсыздандыруу, баалуу кагаздар боюнча кызмат көрсөтүүлөр ж.б.) бир платформага бириктире алат. Финансылык платформаларды түзүү инновацияларга, экономикалык өсүшкө жана заманбап экономиканын атаандашуу жөндөмдүүлүгүнө шарттарды түзөт. Мындай платформалардын иши жөнгө салынган эмес, бирок мындай платформалар иштеп жатат жана алардын кызматтарына суроо-талап да бар. 

 

 2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты  маркетплейс финансылык платформа операторлору жана алардын финансылык кызматтарды сунуштоочулар жана пайдалануучулар менен өз ара иш алып баруусун жөнгө салууга карата бирдиктүү талаптарды белгилөө

 

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү

- жарандардын финансылык кызматтардын бардык түрлөрүнөн онлайн пайдалануусун камсыз кылуу; 

- жаңы технологиялык ыңгайлуу чечимдерге өтүү

- маркетплейс финансылык платформа операторлорунун реестрин жүргүзүү

 

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү

- жөнгө салуучунун пикири боюнча кандайдыр бир алгылыксыз кесепеттер күтүлбөйт, бул платформалар финансылык платформанын катышуучусу тарабынан кызмат көрсөтүүнүн белгилүү бир түрүн, тараптардын жоопкерчилигин көрсөтүү менен маркетплейс финансылык платформа рыногунун оператору менен келишим түзүү аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш. 

 

5. Ишкердик субъекттери жөнгө салуу сунушталган адресат боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү 

Жөнгө салынуучу механизм маркетплейс финансылык платформа операторунун онлайн-платформасында өз кызматтарын жарыялоого жана көрсөтүүгө ниеттенген финансылык кызматтарды көрсөтүүнүн бардык катышуучулары үчүн сунушталат. 

 

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдасын болжолдуу баалоо 

Маркетплейс финансылык платформа оператору финансылык кызматтарды сунуштоо жана андан пайдалануу үчүн чыгымдар катышуучуларга минималдуу болушун камсыз кылууга тийиш. Мында белгилей кетүүчү нерсе, финансылык уюмдар жыл сайын өзүнүн стратегиялык документтеринде өз системаларын өнүктүрүү бюджеттерин аныкташат жана анда каралган финансылык каражаттардын негизинде туташуу үчүн чыгымдар ишке ашырылат. 

Ишкерлер үчүн артыкчылыктар: 

- жаңы кардарларды тартуу; 

- кардарларды тартууга жана тейлөөгө кеткен чыгымдарды азайтуу. 

 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгымдарды талап кылбайт. 

 

 Коомдук консультациянын катышуучулары үчүн суроолор: 

- Белгиленген проблемалар жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылабы? 

- Белгиленген максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы? 

- Сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы? 

- Сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн? 

- Сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал? 

- Проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы? 

- Сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.  

  

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр:  

1. Сунуштар төмөнкү формада кабыл алынат:   

  

- электрондук почта аркылуу  

abakesarieva@nbkr.kg    

- почта дареги аркылуу  

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168   

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү 

2022-жылдын 7-февралынан кечиктирбестен 

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү 

2022-жылдын 14-февралынан кечиктирбестен