Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө 

БИЛДИРҮҮ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы укуктук жөнгө салуу боюнча талкуу жана кызыкдар жактардын сунуштарын топтоо иштери башталгандыгы жөнүндө билдирет. 

1. Сунушталган жөнгө салуу аркылуу чечилүүчү проблемалар: 

банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата талаптарды жогорулатуу. 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты Улуттук банктын банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишин лицензиялоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү:  

-  банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишин лицензиялоо чөйрөсүндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынан банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата талаптарды алып салуу; 

- Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата талаптарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын өзүнчө токтому менен белгилөө

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү  

Ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы алгылыксыз натыйжага алып келбейт. 

5. Жөнгө салуу сунушталып жаткан адресаттар ишкердик субъектилерине мүнөздөмө жана алардын санына баа берүү 

Сунушталган жөнгө салуу микрофинансылык уюмдарга, турак жай-сактык кредиттик компанияларга, кепилдик фонддорго, кредиттик союздарга жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарына багытталат. 

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо 

БФКУларды капиталдаштыруу каражаттарды талап кылат. 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт.  

Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолор тизмеги: 

- көрсөтүлгөн проблемалар жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган маселе болуп саналабы; 

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал; 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.  

  

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр: 

1. Сунуштарды кабыл алуу:  

   

- электрондук почта аркылуу  

akubatbekov@nbkr.kg 

- почта дареги аркылуу  

720001,  

Кыргыз Республикасы, 

Бишкек ш., Чүй пр., 168  

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү  

2022-жылдын  

18-мартынан кечиктирбестен  

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү

2022-жылдын  

25-мартынан кечиктирбестен