Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын уруксат берүү документтерин банк эмес финансы-кредит уюмдарына берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун (мындан ары долбоор) коомдук талкууга чыгарат. 

Аталган долбоор Улуттук банктын банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишин лицензиялоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алып, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине аталган ченемдик укуктук актыларды ылайык келтирүү максатында иштелип чыкты. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Банк эмес финансы-кредит уюмдары жана башка кызыкдар болгон тараптар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылдын 6-апрелине чейин uakylbek@nbkr.kg электрондук почтасына (word форматында) жөнөтүүсү зарыл.