Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө 

БИЛДИРҮҮ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы укуктук жөнгө салуу боюнча талкуу жана кызыкдар болгон жактардын сунуштарын топтоо иштери башталгандыгы жөнүндө билдирет. 

1. Сунушталган жөнгө салуу аркылуу чечилүүчү проблемалар: 

Бүгүнкү күндө кредиттик союздардын бардык стандарттары жаңыдан түзүлгөн жана иштеп жаткан кредиттик союздардын стандарттарына бөлүнөт. Кредиттик союздардын системасын өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн бардык кредиттик союздар үчүн бирдиктүү коэффициенттерди белгилөө зарыл. 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты Улуттук банктын кредиттик союздарды жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү

- кредиттик союздардын системасын өнүктүрүү

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү 

Ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы алгылыксыз натыйжага алып келбейт. 

5. Жөнгө салуу сунушталып жаткан ишкер субъектилерадресаттар боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү 

Сунушталып жаткан жөнгө салуу кредиттик союздардын ишине тиешелүү.  

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо 

Сунушталып жаткан жөнгө салуу субъектилери кошумча сарптоолорго дуушар болбойт.  

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинен чыгашаларды жана пайданы болжолдуу баалоо 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт.  

Ачык консультация берүүлөрдүн катышуучулары үчүн суроолор тизмеги: 

жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура болуп саналабы; 

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал; 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.  

  

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр: 

1. Сунуштарды кабыл алуу:  

   

- электрондук почта аркылуу  

chdjekshenbaeva@nbkr.kg  

- почта дареги аркылуу  

720001,  

Кыргыз Республикасы, 

Бишкек ш., Чүй пр., 168  

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү  

2022-жылдын  

24-мартынан кечиктирбестен  

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү

2022-жылдын 31-мартынан кечиктирбестен