Карыз алуучулардын финансылык абалына терс таасирин тийгизип жаткан валюталар курсунун жогорку деңгээлде өзгөрүлмөлүү болушу менен шартталган жагдайга, кредиттик келишимдер боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздын өсүшүн чектөөгө багытталган, колдоо көрсөтүү чараларын кабыл алуу боюнча чакан жана орто бизнес субъектилеринин улам өсүп жаткан муктаждыктарына байланыштуу Улуттук банк коммерциялык банктарга мурда чет өлкөн валютасында берилген кредиттерди реструктуризациялоого жана конвертациялоо жолу менен кредит шарттарын кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштайт.  

Реструктуризация карыз алуучунун арызынын/кайрылуусунун негизинде карыз алуучуга жеке тартипте жаңы шарттарды берүү аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн (пайыздык ченди жана/же кредиттин мөөнөтүн өзгөртүү ж.б.), өзгөртүүлөр кредиттик келишимдин шарттарына ылайык таризделиши зарыл. 

Мындан тышкары кредитти реструктуризациялоо, карыз алуучу кредитти төлөө боюнча финансылык кыйынчылыктарга туш болгон шартта, кредиттин болгон түрлөрү боюнча жеке жана юридикалык жактарга берилет.  

Улуттук банк, кредитти төлөө боюнча көйгөйлөр жаралган учурда, карыз алуучуларга кредитти реструктуризациялоо өтүнүчү менен кредит алган ошол банктын өзүнө кайрылууну сунуштайт. Мында чет өлкө валютасындагы кредитти тейлөө боюнча финансылык көйгөйлөрдүн жаралгандыгын карыз алуучу тастыктайт (документтерди, маалым каттарды жана башка кайсы болбосун маалыматтарды берүү). 

Ошону менен бирге, сапаттуу реструктуризация жүргүзүү үчүн коммерциялык банк карыз алуучунун учурдагы финансылык абалын талдоого жана ишине баа берүүгө тийиш, ушулардын негизинде коммерциялык банк кредиттин өзгөртүлгөн шарттары менен карыз алуучуга өз милдеттерин аткаруу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрү эске алынган реструктуризация планын сунуштай алат.  

Карыз алуучунун арызынын/кайрылуусунун негизинде коммерциялык банктар кредиттин валютасын өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгышы мүмкүндүгүн кошумча белгилейбиз. Кредиттин валютасын өзгөртүү тараптар макулдашкан шарттарда жана карыз алуучу макул болгон учурда гана өзгөртүлүшү мүмкүндүгүнө көңүлүңүздөрдү бурабыз.