Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө  

БИЛДИРҮҮ  

 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы “Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө” жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” ченемдик укуктук актынын долбооруна жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүүнү, ошондой эле кызыкдар тараптардын сунуштарын топтоо иштери башталгандыгы жөнүндө билдирет. 

Долбоор төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салууга багытталган. 

1. Сунушталган жөнгө салуу аркылуу чечилүүчү проблемалар:  

Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин кабыл алынышына, ошондой эле банк мыйзамдарындагы башка өзгөртүүлөргө байланыштуу “Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө” жобонун жоболорун көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирүү зарылчылыгы келип чыкты. Мындан тышкары, улуттук төлөм системасынын ишинин натыйжалуулугун, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында, төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары боюнча ченемдик укуктук базаны укук колдонуу практикасын эске алуу менен өркүндөтүү зарыл. 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты өлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобону Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирүү, ошондой эле аларды Улуттук банк тарабынан таасир этүү чараларын колдонуунун негиздери жана тартиби боюнча айрым эрежелерди тактоо. 

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү:  

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү

- төлөм системаларын пайдалануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо; 

- төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу. 

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү  

Ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы алгылыксыз натыйжага алып келбейт.  

5. Жөнгө салуу сунушталып жаткан ишкер субъектилерадресаттар боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү  

Сунушталып жаткан жөнгө салуу кредиттик союздардын ишине тиешелүү.   

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо  

Сунушталып жаткан жөнгө салуу субъектилери кошумча сарптоолорго дуушар болбойт.   

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинен чыгашаларды жана пайданы болжолдуу баалоо  

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт.   

Ачык консультация берүүлөрдүн катышуучулары үчүн суроолор тизмеги:  

жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура болуп саналабы;  

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы;  

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы;  

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн;  

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал;  

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы;  

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.   

   

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр:  

1. Сунуштарды кабыл алуу:   

    

- электрондук почта аркылуу   

ammaratova@nbkr.kg   

- почта дареги аркылуу   

720001,   Кыргыз Республикасы,  Бишкек ш., Чүй пр., 168   

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү   

2022-жылдын   22-мартынан кечиктирбестен   

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү.  

2022-жылдын 28-мартынан кечиктирбестен