Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкына - 30 жыл! 


Бүгүн, 2022-жылдын 11-мартында, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.  

Улуттук банктын төрагасы К. Боконтаев иш-чарага келген конокторду куттуктап жатып, өзүнүн сөзүндө банктын калыптануу мезгили жеңил болбогондугун, 30 жыл ичинде Улуттук банк өнүгүү жолунда ар кандай оор кыйынчылыктарды башынан кечиргендигин белгилеп өттү.  

«30 жыл ичинде Улуттук банк өзүнүн өнүгүү жолунда көптөгөн ийгиликтерге жетише алды: улуттук валюта жүгүртүүгө чыгарылды, эл аралык банктык тажрыйбанын стандарттарына жооп берген, банк системасы түзүлдү, ишенимдүү улуттук төлөм системасы калыптанды.  

Биз өз жолубузда 1997-жылы Азия финансылык кризисин, 2008-жылы дүйнөлүк финансылык кризисти жана башка туруксуздук мезгилдерди жолуктурдук. Азыр биз COVID-19 пандемиясынан жана учурда түптөлгөн геосаясий жагдайдан улам орун алган дүйнөлүк финансылык туруксуздук мезгилине күбө болуп жатабыз»,- деди К. Боконтаев. 

Улуттук банктын учурдагы жетишкендиктерин айтуу менен төрага Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системасы Борбордук Азияда эң эле туруктуу жана ишенимдүү системалардын бири экендигин белгилеп, мында Улуттук банктын эмгек жамаатынын күнүмдүк аткарган ишинин маанилүүлүгүн жана баалуулугун баса белгилеп кетти.  

Улуттук банктын жетекчисин жана кызматкерлерин Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. Жапаров, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары У. Примов, ошондой эле Улуттук банктын экс-төрагасы М. Султанов куттукташты. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, учурда орун алган геосаясий абалда тышкы финансылык рыноктордо Кыргыз Республикасынын соода-экономикалык өнөктөштөрү саналган өлкөлөрдүн валюталарынын курсунун жогорку туруксуздугу байкалууда. 

«Улуттук банктын алдында тийиштүү акча-кредит саясатын жүргүзүү аркылуу баалардын туруктуулугун сактоо боюнча жооптуу милдет турат. Бул жагдай Улуттук банктын улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоо, финансы-банк тутумунун туруктуулугун камсыздоо, ошондой эле калктын финансылык институттарга болгон ишенимин сактоо боюнча ишти уланта турган финансылык институт катары маанилүүлүгүн көрсөтүп турат», - деп жыйынтыктады А.Жапаров жана банктын ар бир кызматкеринин аталган ишти аткаруудагы жоопкерчилигин белгиледи. 

Ошондой эле иш-чаранын алкагында конокторго Улуттук банктын түптөлүү жолундагы кыскача тасмасы тартууланды. 

Салтанаттуу жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү, Министрлер Кабинетинин башчысы жана мүчөлөрү, финансы-кредит уюмдарынын жетекчилери, эксперттик коомчулук, эл аралык уюмдардын, коммерциялык банктардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана Улуттук банктын кызматкерлери катышты. 

 

Маалымат үчүн: 

1991-жылы СССРдин Кыргыз Республикалык Мамлекеттик банкы - Кыргызстан Республикасынын Мамлекеттик банкына өзгөртүлүп түзүлгөн. Андан кийин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 6-мартындагы токтому менен Кыргызстан Республикасынын Мамлекеттик банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өзгөртүлгөн.  

Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамы менен Улуттук банктын укуктук статусу, аны уюштуруу принциптери, алдыга койгон максаттары менен негизги милдеттери жана функциялары бекемделген.