Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына нак АКШ долларын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасында экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта рыногунда жагдайды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 17, 36, 38, 68 жана 138-беренелерине таянып, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 11-мартында №2022-П-09/14-1-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына нак чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүүдө убактылуу чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө» токтомун кабыл алды. Аталган токтомго ылайык нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ээ Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына 2022-жылдын 11-мартында саат 17:30дан тартып, нак АКШ долларын Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында www.nbkr.kg дареги боюнча: Банк /Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.