Эл аралык монетардык кызматташуу башкармалыгынын жетекчиси Аттилио Занетти мырза жетектеген Швейцария Улуттук банкынын делегациясы 2022-жылдын 13-14-мартында Улуттук банкка иш сапары менен келди. Иш сапардын жүрүшүндө Улуттук банктын төрагасы К.К. Бөкөнтаев Занетти мырза менен жолугушту, анда эки тараптуу кызматташуу маселелери жана Кыргыз Республикасынын экономикалык абалы талкууланды.