Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кредиттик тобокелдик маселеси боюнча Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү долбоорун иштеп чыгуу, анын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү, ошондой эле кызыкдар болгон тараптардан сунуштарды чогултуу жөнүндө билдирет.  

   

1. Проблемалар жана негиздер  

Сунушталган жөнгө салуу кредиттөөдө, атап айтканда, карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн талдоодо, кредиттерди берүү жана аларды башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алууда келип чыккан проблемаларды чечүүгө багытталган. 

 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты кредиттөө системасын өркүндөтүү жана оптималдаштыруу. 

  

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү

- акыркы банктык тегерек столдордун алкагында келип түшкөн банктардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен кредиттөөнүн ченемдик укуктук базасын жакшыртуу; 

- скоринг моделинин негизинде чечимдерди кабыл алуу процессин өркүндөтүү

- калкка каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу. 

 

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү

Бул ченемдик укуктук актыны кабыл алуу алгылыксыз натыйжаларга алып келбейт, тескерисинче банктардын банктык кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт. 

 

5. Ишкердик субъектилери жөнгө салуу сунушталган адресаттар боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү 

Сунушталган жөнгө салуу коммерциялык банктарга, микрофинансылык компанияларга тиешелүү.  

  

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Сунушталып жаткан жөнгө салуу субъектилери чыгым тартышпайт.  

 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Долбоорго Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашалар талап кылынбайт. 

 

Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеги: 

- жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура деп саналабы; 

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал; 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.  

 

  

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр: 

1. Сунуштарды кабыл алуу:  

   

- электрондук почта аркылуу  

aiymanalieva@nbkr.kg   

- почта дареги аркылуу  

720001,  

Кыргыз Республикасы, 

Бишкек ш., Чүй пр., 168  

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү  

2022-жылдын  

1-апрелинен кечиктирбестен 

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү 

2022-жылдын  

8-апрелинен кечиктирбестен