Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө 

БИЛДИРҮҮ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен  төлөмдөрдү өткөрүү  эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жана кызыкдар тараптардын сунуштарын чогултуу башталгандыгын билдирет. 

 

1. Проблемалар жана негиздер 

- Кыргыз Республикасында төлөм системаларынын катышуучуларынын QR-коддорунун системалар аралык интеграциясын түзүү

- төлөм системаларынын катышуучуларынын QR-коддорун Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун 2019-жылдын 15-апрелиндеги 18-СТ (мындан ары-Улуттук стандарт) буйругу менен бекитилген КМС 1348:2019 финансылык төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн эки өлчөмдүү штрих код белгилеринин Улуттук стандартына ылайык келтирүү;  

- төлөөчүлөр үчүн QR-коддор аркылуу төлөө ыңгайлуулугун камсыз кылуу; 

- соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жеке ишкерлер жана юридикалык жактар үчүн товарлар/кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдү QR-кодду колдонуу менен кабыл алуу үчүн инфраструктура түзүү

 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты: 

Төлөм системаларынын система аралык интеграциясын камсыз кылуу максатында төлөм системаларынын катышуучуларына алар колдонгон QR-коддорду милдеттүү түрдө Улуттук стандартка ылайык келтирүү жана төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн өз ара аракеттенүү операторуна кошуу сунушталат. 

 

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү

QR-кодду колдонуу менен накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу пункттарын көбөйтүү

 

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү

- жөнгө салуучунун пикири боюнча кандайдыр бир алгылыксыз кесепеттер күтүлбөйт; 

- QR-коддорун төлөмдөрдү өткөрүү үчүн колдонушкан, төлөм системаларынын катышуучулары үчүн QR-коддорду Улуттук стандартка ылайык келтирүү үчүн кошумча убакыт жана белгилүү бир финансылык сарптоолор талап кылынат. 

 

5. Ишкердик субъектилери жөнгө салуу сунушталган адресат боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү.  

Сунушталган механизм Кыргыз Республикасынын аймагында төлөмдөрдү өткөрүү үчүн QR-коддорду колдонушкан, Улуттук банктын лицензиясына ээ төлөм системаларынын бардык катышуучуларына тиешелүү

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдасын болжолдуу баалоо 

Кыргыз Республикасынын аймагында төлөмдөрдү өткөрүү үчүн QR- коддорун колдонушкан төлөм системаларынын катышуучулары QR- коддорун Улуттук стандартка ылайык келтирүү жана өз ара аракеттенүү операторуна кошуу үчүн кошумча чыгымдарга дуушар болушат. 

Ушуга байланыштуу QR-коддорду Улуттук стандартка ылайык келтирүүнүн мөөнөттөрүн белгилөө сунушталууда. 

 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгымдарды талап кылбайт. 

 

 Коомдук консультациянын катышуучулары үчүн суроолор: 

- жөнгө салууну киргизүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура болуп саналабы? 

- Көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы? 

- Сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы? 

- Сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн? 

- Сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал? 

- Проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы? 

- Сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.  

 

Бул сунуштарды талкуулоо үчүн каралган мөөнөт жана байланыш маалыматтары:  

 

1. Сунуштар төмөнкү формада кабыл алынат: 

 

- электрондук почта аркылуу  

abakesarieva@nbkr.kg 

- почта дареги аркылуу  

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.   

Чүй проспектиси, 168 

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү 

2022-жылдын 25-мартынан кечиктирбестен. 

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү 

2022-жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен