Улуттук банк «Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча нускоону» бекитүү тууралуу долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар жана турак жай-сактык кредиттик компаниясынын долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылдын 23-апрелинен кечиктирбестен malmanbetova@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.