2022-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында өлкөбүздүн борбордук банкынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ролу жана функциялары” аталышындагы иш-чаранын биринчи семинары болуп өттү.  

Иш-чарага финансылык сабаттуулук боюнча адистештирилген мугалимдер, финансылык сабаттуулук боюнча ийримдердин жетекчилери, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун өкүлдөрү катышышты. 

Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Р.Р. Сейткасымова иш-чарага келген коноктордун алдында сүйлөгөн сөзүндө, бул семинардын актуалдуулугу - Улуттук банкты өлкөнүн борбордук банкы катары, анын аткарган ролун жана функцияларын коомчулуктун түшүнүүсүнүн маанилүүлүгү менен шартталаарын белгиледи. 

Семинардын жүрүшүндө, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ролу жана функциялары, акча-кредит саясатынын максаттары, банк секторун жөнгө салуу чаралары, улуттук төлөм системасын өнүктүрүүнүн багыттары, накталай акчаны жүгүртүү, ошондой эле өлкөнүн негизги финансы институтунун маалыматтык саясатынын аспектилери жана финансылык сабаттуулук боюнча баяндамаларды жасашты.