Финансылык сабаттуулук боюнча тренингдердин экинчи баскычы башталды 

 

Улуттук банк German Sparkassenstiftung менен биргеликте 2022-жылдын 17-мартынан 29-апрелине чейин финансылык сабаттуулук боюнча «Менин каржым» семинарынын экинчи баскычын өткөрөт. 

Семинарлар Ош областынан 21 айыл аймагынын тургундары үчүн өткөрүлөт. Семинарлардын өткөрүү жайы жана графиги төмөнкү  шилтемеде жайгаштырылган. Маалыматтык-билим берүүчү www.finsabat.kg сайтынан жаңылыктар түрмөгүн байкап туруңуз! 

 

Маалымат үчүн: 

2021-жылдын октябрь айынан декабрь айына чейинки аралыкта семинарлардын биринчи баскычынын алкагында пилоттук региондо (Ош областында) Ош шаарынын жана Ош областынын тургундары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча 32 семинар өткөрүлдү, ага 690 киши, анын ичинде 24 айыл аймактын 400 тургуну катышкан. Семинарлар мурун Ош жана Бишкек шаарларында алдын ала окуудан өткөн финансылык сабаттуулук боюнча 16 тренер-мультипликатор тарабынан өткөрүлдү