Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын 2022-жылы күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык келтирүү жана жеке адамдар, анын ичинде жеке ишкерлер катары катталган жактар банктык эсептерди ачуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2022-жылдын 23-мартында № 2022-П-12/17-5-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому кабыл алынган. 

Токтомдун электрондук версиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук акты Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылган.