Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан 2022-жылдын 25, 26 жана 28-март күндөрү Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы №869 токтомун аткаруунун алкагында Бишкек шаарынын ар кандай административдик райондору боюнча соода-тейлөө ишканаларына товар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес түрдө төлөө мүмкүндүгүн берүү боюнча көчмө мониторинг жүргүзүлдү