«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына 30 жыл!» китеп көргөзмөсү 

 

2022-жылдын 28-мартында А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөнүн жана Глобалдуу акча жумалыгынын алкагында китеп көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү.  

Көргөзмөдө республиканын башкы финансылык институтунун жылдык отчеттору жана басылмалары, ошондой эле Улуттук банктын жана улуттук валютанын маанилүү учурлары чагылдырылган борбордук банктын иши жөнүндө брошюралар жана буклеттер, сүрөттөр, постерлер көрүүчүлөрдүн назарына сунушталды. 

Улуттук китепкананын китеп фондунан жана Улуттук банктын китепканасынан тышкары көргөзмөдө кенже мектеп окуучулары үчүн «Акча алиппеси» окуу колдонмосунун 5 сериясы, 10-11-класстын окуучулары үчүн «Финансылык эркиндиктин ачкычы» окуу-методикалык комплекси, ошондой эле мектептерде финансылык сабаттуулук боюнча сабак өткөрүү үчүн методикалык көрсөтмөлөр сунушталган.  

Көргөзмө 2022-жылдын 3-апрелине чейин созулат.