Улуттук банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (мындан ары ФОЭС), атап айтканда ФОЭСтин «Финансылык инструменттер» 9-стандартына, ошондой эле бухгалтердик эсепке алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында, 2022-жылдын 23-мартында № 2022-П-12/17-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бухгалтердик эсепке алуу чөйрөсүндөгү айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.