Валюта рыногундагы жагдай жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы валюта рыногундагы жагдай тууралуу төмөнкүлөрдү маалымдайт. 

Учурдагы өзгөрүлмө алмашуу курсу боюнча чет өлкө валютасынын курсунун динамикасы ички валюта рыногундагы суроо талаптын жана сунуштун балансынын негизинде аныкталат.  

Мындан тышкары, Улуттук банк ички валюта рыногу боюнча катуу талап койгон жөнгө салуучу болуп саналбайт жана валюталар курсунун тенденциясын аныктабайт, ал алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн жеңилдетүү максатын гана көздөйт.  

Ал эми АКШ долларынын кыргыз сомуна карата курсунун төмөндөөсү боюнча айтсак, алмашуу курсу калктын жана ар кандай бизнес- коомчулуктун чет өлкө валютасына карата суроо-талабы менен сунушунун учурдагы балансынан түзүлөт. Суроо-талап жана сунуштун балансына тышкы сыяктуу эле, ички факторлор да таасирин тийгизет. Демек, АКШ долларынын курсунун төмөндөөсүнө чет өлкө валютасынын сунушунун ага болгон суроо-талаптан артышы, ошондой эле Кыргызстандын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүнүн улуттук валюталарынын АКШ долларына карата бекемделиши таасирин тийгизген.  

Улуттук банк ички валюта рыногунда жана тышкы финансылык рыноктордо түптөлгөн жагдайга дайым көз салып турат жана зарыл учурларда акча-кредит саясатынын негизинде тиешелүү чараларды көрөт. 

Алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында бүгүн, 2022-жылдын 30-мартында, Улуттук банк 5,4 млн АКШ доллары суммасында чет өлкө валютасын сатып алуу боюнча валюта интервенциясын жүргүздү