Тышкы экономикалык жагдайлардын банк системасына тийгизген терс таасирин жөнгө салуу жана активдерди классификациялоо, анын ичинде реструктуризацияланган кредиттер боюнча өзүнчө талаптарды белгилөө максатында, Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 31-мартында № 2022-П-12/19-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо боюнча кошумча убактылуу чечимдери жөнүндө» токтом кабыл алды. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Улуттук банктын ченемдик актылары/Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.