2022-жылдын 4-апрелинде Улуттук банктын төрагасы К.К.Бөкөнтаев Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун (мындан ары- ЕАТ) төрагасы Ю.А. Чиханчин жетектеген делегация менен жолугушту. 

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы К.Т.Тургунбеков катышты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасында кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүүнүн улуттук системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу маселеси талкууланды.