Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2022-жылдын 29-мартында № 2022-П-14/18-3-(ПС) «Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому кабыл алынган. Банктык эсеп келишимине валюталарды конвертациялоо схемасы жөнүндө маалыматты киргизүү бөлүгүндө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында өзгөртүүлөр киргизилген. 

Токтомдун электрондук версиясы Улуттук банктын расмий интернет-сайтында кийинки дарек боюнча жайгаштырылган: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору. 

Ченемдик укуктук акт Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында кийинки дарек боюнча жайгаштырылган: www.nbkr.kg / Банк тууралуу / Улуттук банктын ченемдик актылары / Төлөм системасы