Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 18-мартындагы № 2022-П-09/16-1-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын, алмашуу бюролорунун, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларынын казак теңгеси менен операцияларды жүргүзүүсү боюнча убактылуу тартип жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

Кыргыз Республикасында экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта рыногунда жагдайды турукташтыруу максатында, 2022-жылдын 11 апрелинде № 2022-П-09/21-1-(БС) Улуттук банк Башкармасы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 18-мартындагы № 2022-П-09/16-1-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын, алмашуу бюролорунун, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларынын казак теңгеси менен операцияларды жүргүзүүсү боюнча убактылуу тартип жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.  

 

Бул токтомго ылайык казак теңгесинин сатып алуу курсун белгилөө боюнча талаптар (70 пайыздан ашпаган өлчөмдө салмактанып алынган тобокелдик коэффициентин колдонуу) экспорттоо контракттарынын негизинде Казакстан Республикасынын аймагына товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо менен алектенген жактардан нак эмес казак теңгесин сатып алуу боюнча Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын операцияларына жайылтылбайт. Казак теңгесинин сомго карата алмашуу курсу экспорттоо контракттарынын негизинде Казакстан Республикасынын аймагына товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо менен алектенген жактар менен коммерциялык банктар ортосунда эркин аныкталат (келишимдин негизинде). 

Токтом Улуттук банктын расмий веб-сайтында жайгаштырылган: www.nbkr.kg / Банк жөнүндө / Банк мыйзамдары / Улуттук банк Башкармасынын токтомдору