Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2003-жылдын 16-апрелиндеги №13/2 «Оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу» токтомун (мындан ары токтом) өркүндөтүү жана актуалдаштыруу боюнча кызыкдар болгон жактардын сунуштарын топтоо жөнүндө маалымдайт.  

Долбоордо токтомду мыйзамдардын жана эл аралык тажрыйбанын талаптарына ылайык өркүндөтүү жана актуалдаштыруу сунушталат. 

 1. Проблемалар жана негиздер  

Токтомду өркүндөтүү оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды актуалдаштырууга багытталган. 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты токтомду өркүндөтүү жана актуалдаштыруу. 

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү

- банктардан кеңири маалымат алуу; 

- жөнгө салуучу тарабынан банктардын ишине натыйжалуу көзөмөл жүргүзүү

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү

Бул ченемдик укуктук актыны кабыл алуу алгылыксыз натыйжаларга алып келбейт, анткени ал колдонуудагы ченемдерди өркүндөтүүгө, ошондой эле оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды жаңыртууга багытталган. 

5. Ишкердик субъектилери жөнгө салуу сунушталган адресаттар боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү  

Сунушталган жөнгө салуу коммерциялык банктарга жана башка финансы-кредит уюмдарына тиешелүү.  

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо.  

Сунушталып жаткан жөнгө салуу субъектилери сарптоолорго учурабайт.  

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт. 

Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеги: 

- жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура деп саналабы; 

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал; 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.  

 

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр: 

1. Сунуштарды кабыл алуу:  

   

- электрондук почта аркылуу  

zosokeeva@nbkr.kg   

- почта дареги аркылуу  

720001,  

Кыргыз Республикасы, 

Бишкек ш., Чүй пр., 168  

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү  

2022-жылдын  

27-апрелинен кечиктирбестен  

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү 

2022-жылдын  

30-апрелинен кечиктирбестен