Улуттук банк Башкармасы мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун формаларын «Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобого ылайык келтирүү жана реструктуризацияланган кредиттер боюнча маалымат алуу максатында, 2022-жылдын 6-апрелинде № 2022-П-12/20-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Токтомдо Улуттук банктын талаптарына ылайык банктардын финансылык отчетунда потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү өлчөмүн ачык көрсөтүү боюнча тактоолор каралган. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору.