Валюта рыногундагы жагдай жөнүндө 

 

Улуттук банктын валюта саясаты өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу саясатынын принциптерине негизделген. Өзгөрүлмөлүү алмашуу курсунун учурдагы саясатына таянып, Улуттук банк ички валюта рыногун катуу жөнгө салбайт, алмашуу курсу боюнча кандайдыр чектерди, аралыктарды белгилебейт жана чет өлкө валютасынын алмашуу курсунун тенденцияларын аныктабайт, себеби Кыргызстанда алмашуу курсу белгиленген болуп саналбайт, ал чет өлкө валютасын сатып алуучулар менен сатуучулар ортосунда өздөрүнүн керектөөлөрүнө жараша аныкталат.  

Улуттук банк дагы валюта рыногунун катышуучусу болуп саналат, ал башкалардан айырмаланып, АКШ долларынын алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө жана валюта рыногунда жагдайды турукташтыруу максатында өзүнүн функциясына жараша иштерди жүргүзөт (чет өлкө валютасын сатып алат жана сатат). 

Акыркы учурда ички валюта рыногунда АКШ долларынын алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсү көп учурда, тышкы финансы рынокторунда белгисиздик, Кыргыз Республикасынын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүндө өзгөрүлмөлүүлүк сакталып тургандыктан, психологиялык факторго байланыштуу болуп жатат. 

2022-жылдын башынан тартып 13-апрелге чейин алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында, Улуттук банк 284,30 млн АКШ доллары суммасына чет өлкө валютасын сатуу боюнча беш интервенция (алардын ичинен 66,65 млн АКШ доллары нак түрдө сатылган) жана 19,90 млн АКШ доллары суммасына доллар сатып алуу боюнча эки интервенция жүргүзгөн. Жыйынтыгында, таза сатуу 264,40 млн АКШ долларын түзгөн.  

Экономикалык коопсуздукту, финансы жана банк системаларынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында, Улуттук банк тарабынан бир катар чектөө чаралары белгиленген: финансы-кредит уюмдары тарабынан нак АКШ долларын чыгаруу убактылуу токтотулган, сомго карата орус рублинин расмий курсунун рыноктук курсу белгиленген, финансы-кредит уюмдары үчүн казак теңгесин сатып алуу курсу убактылуу төмөндөтүлгөн (Казакстан Республикасынын аймагына товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттогон жактардан тышкары),  финансы-кредит уюмдары үчүн теңге боюнча операцияларды жүргүзүү көлөмү убактылуу чектелген.  

Улуттук банк кабыл алынган өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу режимин мындан ары да улантат, зарылчылык келип чыккан учурда, курстун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында, жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына ылайык тиешелүү операцияларды, анын ичинде валюталык интервенцияларды жүргүзөт.