Улуттук банк сак болууга чакырат! 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы акыркы учурда ар кандай интернет-ресурстар, жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле социалдык тармактар, мессенджерлер жана башка байланыш каражаттары аркылуу өлкөбүздүн жарандарына аталыштарында «-койн», «криптовалюта», «криптомонета», «криптоактив» сөздөрү колдонулган айрым активдерди же продукттарды сатып алуу өтө көп сунушталып жатканын маалымдайт. Ошол эле учурда жарандарга чындыкка туура келген маалымат берилбейт, аларга акчаларды ушул инструменттерге салуу же аны сатып алуу менен кыска убакыттын ичинде, ошондой эле тез эле көп пайда көрүүгө болот деген азгырган маалыматты беришет.  

Улуттук банк финансы пирамидасынын белгилери катылган алдамчы схемаларынын бар экенин белгилейт, алдамчылар виртуалдык активдерди (криптовалюталар) таратууга жамынып алып, жаңы катышуучулардын акча каражаттарына ээлик кылууга аракет кылышат. Алдамчылар жарандардын көңүлүн көбүрөөк тартуу үчүн кайсы бир виртуалдык активди «криптовалютаны» жайылтууга багытталган жарыялоо кампаниясын жигердүү жүргүзүшөт, анын ичинде белгилүү медиа инсандарын тартуу, белгилүү бир активдерден көп киреше алуу, аларды андан ары төлөм каражаты катары жүгүртүүгө же товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө алмашуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматтарды жана материалдарды жайгаштыруу аркылуу дагы иштерди жүргүзүшөт. 

Улуттук банк виртуалдык активдерге (криптовалюталарга) жамынып сунушталган жана финансы пирамидасынын белгилери бар шектүү продукттарга, инструменттерге инвестиция салуудан алыс болууну, бардык ишке кылдаттык менен мамиле жасап сак болууну сунуштайт.